Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМШ саммити: даярдык уланууда

Белгилей кетсек, КМШ саммити 16-октябрга белгиленген

КМШ саммитинин алкагында расмий делегациялардын маршруту боюнча текшерүү өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май районунун жана МАБдын жетекчилигинин текшерүүсү эртең менен Фучик көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Клубный чолок көчөсүнө чейин, ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинде Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жүргүзүлдү.

Текшерүүдө өзгөчө маани көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерине, имараттардын фасаддарынын абалына бурулуп, түшүндүрүү иштеринен кийин чарбалык субъекттер тегеректи иретке келтире башташты.

Бул багытта даярдыктар уланууда.

Белгилей кетсек, КМШ саммити 16-октябрга белгиленген, делегациялардын негизги маршруту Аска-Таш комплексинен Ю.Фучик көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектиси менен Манас проспектисине чейин, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин болот.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх