Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жогорку Кеңеш элди популисттик демилгелер менен алаксытып жатат»

Эксперттер депутаттын  мамлекеттик жөлөк пулдан убактылуу баш тарта турган механизмди иштеп чыгуу идеясын сынга алышты

Парламент маанилүү мыйзамдардыиштеп чыгуунун ордуна популисттик идеялар менен элди алаксытып жатат. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына саясат таануучу, профессор Айнура Арзыматова бөлүштү.

Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева депутаттар менен чиновниктер үчүн убактылуу жөлөк пулдан баш тарта турган механизмди иштеп чыгууну сунуштады.
«Бизде жөлөк пулду депутаттар, чиновниктер, министрлер жана губернаторлор алышат. Андан баш тарта турган норманы иштеп чыгуубуз керек, кайра зарыл болгон учурда кайрадан ала турган кылып», - деген үл өкүлүнүн сөзүн ММКлар басып чыгышты.  

- Түшүнүксүз, бизде депутаттар кандай жөлөк пул алышат. Кеп андай төлөмдөр тууралуу боло турган болсо афган согушунун, баткенчилер кандай жөлөк пул алышат, алардын сиңирген эмгеги бар, - деп белгиледи Айнуру Атыгаевна.  - Чындыгында мамлекет үчүн бул аз эле акча. Бул төлөмдөрдөн баш тартсак, элдерин жашоосу мындан өзгөрүп кетпейт.

Саясат таануучу Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бирден бир чыгарган мыйзамы - бул импорт ундун кошумча баасына салыкты азайткан мыйзам чыгарды.
- Бул биздин ун менен иштеген депутаттарыбызга болгон жан тартуу болуп калды. - Ушунун айынан бюджет чоң суммадагы акчаны жоготуп жатат. Мына, айта турган нерсе бул жакта жатат. Депутаттар салыкты бай ишкерлерден кантип алууну ойлонушсун, жарды ишкерлерди тоноону ойлобой.

Өз кезегинде депутат Аида Исмаилова кесиптешинин демилгесине аябай кылдат мамиле кылды.

- Жөлөк пул тууралуу маселе уяттуу маселе, - деди ал  Vesti.kg сайтына. - Эгерде мен азыр Айнуру Алтыбаеванын демилгесине каршымын десем, анда мени көпчүлүгү туура эмес түшүнүп калышат. Бул маселени адеп эле чукуй берген болбойт. Анткени депутаттардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алар мамлекеттен жөлөк пул алышат. Анын үстүнө мамлекеттик кызматта баары эле чоң айлык акы албайт да. Кээ бир чиновниктер жөлөк пул алганы менен үй үлөсүндө жалгыз гана нан тапкан адам болушу мүмкүн. Ар бирине өзүнчө караш керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх