Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уруксатсыз үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды

Жогорку Кеңеште мыйзамсыз курулган кабат үйлөр таалкууланды

Бишкекте мыйзамсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу процессин баштоо аракети көрүлүп жатканы бүгүн 21-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу мунапыс алкагында ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде гана берилерин айтты:

“Бул бир эле жолку мыйзам болот. Садыр Нуркожоевич да айтты буга чейин салынып калгандыктан жанагынча кишини эшикке чыгара албайбыз деп. Нормага жооп берген үйлөрдү мыйзамдаштырабыз, андан кийин кимде-ким мыйзамсыз курулуш жүргүзө турган болсо, мэрияга тийиштүү жерлерди артка тартып алабыз же лицензиясын жокко чыгарып, ушуну менен кыргыз мамлекетинде мыйзамсыз курулуш дегенди унутууга барабыз”.

Талантбек Иманакун уулу Кыргызстанда 87 мыйзамсыз курулуш бар экенин айтты.

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин айтымында, андай курулуштардын 34ү борбор калаада. Ошондой эле ал курулушу токтоп турган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча сунуш өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөнүн, атайын комиссия түзүлгөнүн, иш былтыр башталганын билдирди.

Жыйында айрым депутаттар үй алыш үчүн курулуш компаниялары менен үлүшкө кирип, же акчадан, же үйдөн жок отурган адамдар көп экенин, соттошуу узакка созулуп жатканын айтышты.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх