Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атайын кызматтын генералы Мирослав Ниязов Тажикстандагы Кыргызстандын элчиси кызматын тапшырабы?

Анын ордуна киши табышты. Эксперт азыркы Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилик өкүлүн айыптай турган нерсе жок деп эсептейт

Эртең Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук жана эл ралык комитети Жаныш Рустембековдун Кыргызстандын Тажикстандагы элчилик кызматына талапкерлигин карашат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комитеттин мүчөсү депутат Анвар Артыков билдирди.


- Эртең Рустембековдун талапкерлигин карайбыз, - деди эл өкүлү. - Мен бир гана күн тартибин билем. Бизге Жаныш Рустембековдун талапкерлигин кароо гана сунушталган. Ниязовдун алмаштыруунун себеби азырынча белгисиз. Эртең талкууда бардыгы анык болот.


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев өз кезегинде Vesti.kg сайтына азыркы учурда учурдагы элчинин мынданы аркы тагдыры белгисиз деди.


- Биз азырынча тийешелүү документтерди ала элекпиз, - деди ал. - Мирослав Ниязовго тийешелүү эч кандай маалыматыбыз жок, эмне болоорун билбейбиз.


Ал арада саясат таануучу, мурдагы чекист Орозбек Молдалиевдин ою боюнча, Мирослав Ниязов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга күнөөлүү.

- Элчилик кызматтын мыйзамы боюнча, ал жерде элчинин иштөө мөөнөтү көрсңтүлгөн, - деп эскертет Vesti.kg сайтына ал. - Элчинин иштөө мөөнөтү үч жыл. Андан соң аны министр узартат, бирок эки гана жылга. Мирослав Ниязовдун бул мөөнөтү өттү, ошондуктан аны бошотуп жатышат. Баары эле Ниязовду жаман иштеген деп жатышат. Анда эмне үчүн акырына чейин иштетишти? Анын жаман иштегендигине конкреттүү бир да факт жок. Баары Тажикстан менен болгон чегарадагы жаңжал тууралуу айтышат. Бирок бул жалаң гана Ниязовдон көз каранды эмес да. Дүйнөдө эч кайсы элчи тышкы саясатты өзгөртүп жибере албайт. Тышкы саясат, президен, Жогорку Кеңеш тарабынан иштелип чыгат. Ал болсо элчи катары бул саясатты ишке ашырышы керек. Эгерде Мирослав Жумабекович аны аткара албаса айыптасак болот. Жаңжалдар Ниязовдун айынан болбойт. Бул жаңжал эки тараптуу мамиленин болгондугунан келип чыгат. Бул жерде Ниязовдун күнөөсү жок.

Саясат таануучу талапкер Рустембеков мекенге кайтып келип , учурдагы кырдаал менен таанышуусу зарыл деп эсептейт.

- Рустембековдун талапкерлигине кайрыла турган болсок, ал мекенге бир аз убакытка келиши керек, - деп эсептейт Молдалиев. - Ал адегенде бул жерде иштеш керек, анан ал жакка барышы керек. Бизде болсо, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке которо беришет. Кээ бир элчилер Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу кабары да жок. Коңшу мамлекеттердин бир жакшы практикасы бар, алар элчи кайтып келген соң ТИМде иштейт, ал жерден өлкөнүн кырдаалына сүңгүп кирет. Кээ бир элчилерибиз эл эмне болуп жатканы, кантип жашаганы менен деле иши жок.

Түшүндүрө кетели, Жаныш Рустембеков азыркы учурда Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.


Ал эми Кыргызстандын Тажикстандагы элчилик кызматын мурдагы атайын кызматтын кызматкери, эс алуудагы генерал Мирослав Ниязов аткарат. Анын ишмердүүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын сынына кабылды.


Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх