Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкекте шаардык кенешти таркатуу талабы менен митинг болот

Активисттер борбор шаардын азыркы чакырылыштагы депутаттары шайлаган бардык мэрлери коррупциялык иштер боюнча СИЗОдо отурушкандыгын эскертишет

Эртең Бишкектин мэриясынын алдында саат 9:00 шаар кеңешин таркатуу жана Бишкек, Ош шаарларынын башчыларын тикелей шайлоо талабы менен митингге чыгышат.  Бул туурасында Vesti.kg сайтына жарандык активист Адиль Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, бул митинг тууралуу мурда эле айтышкан.

- Мэрлерди тикелей шайлоо тууралуу мурда эле айтышкан, -дейт активист. - Ошондой эле мурунку жоолугушууларда биз мэрди шайлоо күнү шаардык кеңештин таркоосун талап кылып митингге чыгабыз деп бир канча жолу айтканбыз.

Эртеңки иш чарага өзүнүн катышаары активист Айбек Мырза билдирди.

- Шаардык кеңештин депутаттары Бишкектин мэрин шайлаганга моралдык укуктары жок, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.  - Алар шайлаган бардык мэрлер коррупциялык иштери үчүн СИЗОдо отурушат. Мен азыр Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов тууралуу айтып жатам. Ошондуктан биз шаардык кеңештин таркашын талап кылабыз.

Эске салсак, эртең Бишкектин шаардык кенешинде Бишкек мэрин шайлоо болот. бишкек шаардык кеңешинин коалициялык көпчүлүгү талапкерликке жалгыз гана Азиз Суракматовду көрсөтүштү.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх