Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков кайрадан суракка чакырылды

Такталбаган маалыматтарда мурдагы өкмөт  башчысына УКМКдан чакыруу келди

Сапар Исаков Улуттук коопсуздук комитетине кайрадан чакырылганын  «Апрель» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Басылманын маалыматында мурдагы өкмөт башчысы ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу эртең саат 10-00дө суралат.

Сапар Исаковдун пикирин билүүгө азыр мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Эске салсак Сапар Исаков мындан мурда дагы ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу кылмыш иши боюнча суракка чакырылган. Анда ал үч саат сурак берген.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх