Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон Жакупова өзүнүн Ысык-Көлдөгү коттеджин сактап кала алат

Жогорку сот бул ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга кайтарды

Жогорку сот "Адилет"  клиникасынын директору, экс-депутат Чолпон Жакупованын коттеджин сатуу боюнча ишти биринчи инстанцияга кайра кайтарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин өкүлүнүн сөзү боюнча, бул чечимди бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун коллегиясы чыгарды.

-Мурда Жогорку сот айып пул төлөөнү жылдыра туруу боюнча ишти биринчи инстанцияга жөнөткөн,- деп билдиришти маалымат кызматына. - Ал эми коттеджди сатуу боюнча иш бүгүн өзүнчө каралды.

2018-жылдын февраль айында Жогорку сот райондук жана шаардык соттун Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатып 3 миллион айып пулду төлөө тууралуу чечимин күчүндө калтыргандыгын белгилей кетебиз.

2017-жылы июнда, Октябрь райондук соту журналист Нарын Айыпка,  Zanoza.kg басылмасынын редактору Дина Масловага жана "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакуповага Алмазбек Атамбаевдин абийирине жана кадыр баркына доо кетирдиңер деген айып тагылган. Алардын ар бирин сот 3 миллион сомдон айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх