Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Сочиге учуп барды

Кыргызстандын президентин аэропорттон ким тосуп алды?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешменин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына учуп келди. Өлкө башчысын аэропорттон Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол Департаментинин директору Игорь Богдашев жана Кыргызстандын Орусия федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштын маанилүү маселелери жана Евразия аймагындагы биримдикти мындан ары интеграциялоо талкууланат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Орусия Федерациясынын президентти Владимир Путин жана Арменияныни премьер-министри Никол Пашинян менен экт тараптуу жолугушууларынын болуусу күтүлүүдө.

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх