Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Русгидро» Кыргызстанга каршы Гаага сотуна арыз берүүнү көздөйт

Жакында компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына сүйлөшүүгө келишет

Россиялык «Русгидро» компаниясы Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча арызын камдап жатат. Бул туурасында РИА Новости билдирет.

«Кыргыз тараптын чакыруусу менен эртең-бүрсүгүнү биздин делегация сүлөшүүлөргө барат, - дейт Шульгинов. - Бирок биз оң натыйжа күткөн жокпуз ал тараптан. Биз муну менен кошо эле Гаага эл аралык арбитражынан бул талаштуу маселени кароону өтүнөбүз, билдирүү кыргыз тарапка да жөнөтүлдү. Материалдар арбитраждык сотко жөнөтүлдү. Андан ары арбитрлардын курамын тандоо болот, бүткөндө арыз даярдалып, сотко жөнөтүлөт ».

Арбитраждык соттун туруктуу соту (Permanent Court of Arbitration, PCA) - Гаагада жайгашкан эл аралык арбитраждык сот.

Кыргызстан менен Россия 2012-жылы Камбарата ГЭС-1 курулушунда «Интер РАО» жана Жогорку Нарын ГЭС каскадында «Русгидро» катышуусу тууралуу келишим түзүшкөндүгүн эскерте кетели. 2016-жылы Кыргызстан бул келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Ушундан кийин «Русгидро» Кыргыз Республикасынын үстүнөн эл аралык арбитражга арыз менен кайрылам деп жатат.
 
Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх