Дастан Жумабеков: Жогорку Кеңеште оппозиция бар жана ал жандуу иштеп атат
Спикер өкмөттү коалициялык азчылык байма-бай сындап турат деп ынандырат
Парламенттин азыркы чакырылышында оппозиция бар жана ал жандуу иштеп атат. Бул тууралуу пикирин Vesti.kg сайтына ЖК спикери Дастан Жумабеков билдирди.
- Азыр оппозицияда эки фракция бар, - деп эске салды төрага. -Алар абдан жандуу иштеп атышат жана дайыма өз пикирин айтышат. Коалициялык азчылыктын депутаттары өкмөттү байма-бай сындап турушат. Оппозиция бар деп ишенимдүү түрдө айта алам.
Бүгүн Дастан Жумабеков жайкы каникул алдында жыйынтыктоочу пресс-конференция өткөрүп жаткандыгын эскерте кетели.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз