Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ДКО акчаны Билал Эрдоган чогултпайт. Жөн гана уюмдун аталышы окшош

Турк президентинин уулу 2015-жылы «Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы» эл аралык Уюмун башкарган

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө топтолгон каражат сакталган Уюмду Түрк президентинин уулу Билал Эрдоган башкарбайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ДКО даярдап жана өткөрүү боюнча катчылыктын башчысы Нурсултан Аденов айтты.

- «Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы» Уюму - бул жергиликтүү уюм, биздин өнөктөштөр, - деп билдирди ал. - Жөн гана аталыштары бирдей. Башында Түркия менен иштешели дедик эле, болбой калды. Себебин айта албайм.

ДКО сайтында «Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын» директору мурунку «Дастан ТНК башкармасынын төрагасы Сергей Даниленко экендиги тууралуу маалымат бар. 2015-жылдын сентябрында Ысык-Көл областында Билал Эрдоган жетектеген Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын биринчи конференциясы өткөн.

Бул этноспорт уюмунун өкүлдөрү Түркиядан, Монголиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан, Литвадан, Израилден, Катардан жана Кыргызстандан келишип спорттун этникалык түрүн өнүктүрүү боюнча сүйлөшүшкөн, негизги иш чара Дүйнөлүк этнооюндарды өткөрүү болгон.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясын 2015-жылы Кыргызстан жана Түркиянын демилгеси менен түзүлгөн.
Бирок 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын курамына  башкы катчы катары Сергей Даниленко кирген.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх