Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин ЖКККМБ мурдагы башчысы кантип Түркиянын президентинин аялы "тыгынга" кабылып калгандыгына айран таң калат

Талантбек Исаев бала болуп, башына жүн чыкканы мындайды көрбөптүр да, укпаптыр да

Канча күндөн бери коомчулук жана ММКлар Түркиянын президентинин аялы Эмине Эрдогандын  Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келип, жол тыгынына кабылып калгандыгы тууралуу уу-дуу кепти токтотпой келишет. Бул туурасында журналисттерге коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал бул окуя тууралуу иликтөө жүрүп жаткандыгын, иликтөө бүтөөрү менен күнөөлүү адамды жазага тартышаарын белгилеп кетти.

ИИМдегилер бул окуяга комментарий берүүдөн баш тартышты. Толугу менен иликтөө бүткөн соң билдиришээрин айтышты.

Өз кезегинде ИИМдин ЖКККМБ мурдагы башчысы Талантбек Исаев мындай окуянын болушуна абдан таң калат.
- Мен элестете албайм, кантип ушундай чоң даражалуу меймандар жол тыгынына түшүп калаарын, - дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Мен мындай шумдукту бала болуп башыма жүн чыкканы уккан да, көргөн да эмесмин.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх