Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камакта калуусу узарды
- жолу 515 кароо
Мындай чечимди Алматынын шаардык соту кабыл алды
ЖК мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камакта калуусу узарды. бул тууралуу Казакстандын ММКлары жана Алматы шаардык сотунун пресс-кызматы билдирет.
«Алматы шаардык соту камалуу мөөнөтүн 15-августка чейин узартты», - деп маалымдашат андагылар.
Эске сала кетсек, мурда депутаттын камалып туруусун 15-июнга чейин узартышкан эле.
Дамирбек Асылбек уулу февраль айынын аягында Алматыдаг атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.
Кармалган депутатка карата 234-берене 2 пункт 3 б. (Мамлекетик кызматты аткарган адамдын ЕАЭС бажы чек арасынан ири өлчөмдөгү товарларды алып өтүүсү), Казак Республикасынын КЖК 264 - беренесинин 2 б. (Улут аралык уюмдашкан топко катыштыгы бар же улут аралык кылмыштуу топ) менен кылмыш иши козголгон.
Бакыт Стамов
Сүрөт www