Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мавлян Аскарбеков экинчи жолу кечирим сураган жок, бирок Дастан Бекешевдин ага дооматы жок

Мурда Жогорку сот активистти депутат тууралуу сүйлөгөн сөзүн соцтармак аркылуу эл алдында кечирим сурап, кайра артка ал деп талап кылган

Бирок жарандык активист Мавлян Аскарбеков депутат Дастан Бекешевдин алдында кечирим сураган жок. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

- Жогорку сот айткан сөзүмдөн кайтуумду талап кылды, бирок мен аны кылганым жок, - дейт активист. - Анткени мен муну соттун токтомуна чейин жасагам. Кечирим сурап пост жазгам. Ушундай жол менен мен соттун чечимин аткардым. Бекешев болсо башка нерсени талап кылды.

Белгилей кетсек, Мавлян Аскарбеков чындыгында депутаттын алдында кечирим сураган. Ал муну баарына көрүнө турган социалдык тармактан жасаган. Сот болсо ал пост фейсбуктун бардык колдонуучуларына көрүнө турган болсун деп талап кылды.

Кыскасын айтканда, Дастан Бекешев ыза болбой эле койсо болот. Ал  Vesti.kg сайтына бул кечирим суроо аны канааттандыраарын айтты.

- Менин Аскарбековго башка дооматым жок, - деп белгиледи ал.

Эске сала кетели, активист экөөнүн мамилесинин мындай болушуна Аскарбековдун Кыргызстандагы дүлөй жана сокурлардын Коомунда Дастан Бекешев «Укуктук башаламандык» кылып жатат деп жазганы себеп болду.  Муну Аскарбеков 2017-жылы жай айында соцтармактан жазган болчу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх