Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Сооронбай Жээнбековдон Бабановго саясий мунапыс жарыялоону өтүнүштү. Ошенткенге болобу?

Талдоочулар бул жакшы нерсе эмес экендигин түшүндүрүп беришти

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун жоолугушуусунда Өмүрбек Бабановго саясий мунапы берүүнү суранды.

- Ал шайлоодо утулсам, митинг уштурбайм деген убадасына турду го. Биз баарыбыз бир дасторконго отуруп сүйлөшүшүбүз керек, - деди Үмөталиева.

 Vesti.kg сайтына бул маселе тууралуу талдоочулар да ойлорун бөлүштү.

- Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу кылмыш ишине саясий мунапыс берүү - бул нонсенс дейт.

- Өмүрбек Бабанов саясий себеп менен эмес, кылмыш иши менен айыпталды, - деп тактады ал. - Анан Бабановдун каршылаштары чыгат мыйзамсыз мунапыс берип койду деп. Андай эле Бабановго жакшылык кылгылар келип атса, сүттөй аппак сот жалдашсын. Сот жараянында аны мыйзам чегинде актап берсин.

Ошону менен бирге Бакир уулу бул демилгени Бабанов өзү көтөрсүн дейт.

- Ага мындай жардам кылуу менин оюмча туура болбой калат, - деп улантат ал.  - Бул жерде анын тагдыры бийликтен гана көз карандыдай болуп калып жатат. Өмүрбек Бабанов көп саясатчыларга караганда иштиктүү. Андан сырткары ал шайлоодо экинчи орунду алып, сыйлоого татыктуу болду. Ошондуктан ал кээ бир кеңешчилерге караганда өзү акылдуураак. Бирок, саясатта эпке келүү деген бар. Мунапыс сунуштоо керек эмес. Жөн гана Бабанов өзү келип президент менен жоолугуп, менин эч кандай криминалдык иш-аракетим жок, Кыргызстан үчүн иштеп берүүгө даярмын деп айтышы керек. Ошентсе өзүнө да жакшы болмок.

Бул маселеге бир жактуу гана жооп берген саясат таануучу Турат Акимов болду.
- Мен ӨЭУ сектору социалдык долбоорлор жана программалык өнүктүрүү боюнча маселе көрүшсө кубанат элем, а бул жерде алар өздөрүнүн буйрутма кызыкчылыктары тууралуу сүйлөп жатышат,- дейт ал. Азыркы тапта Бабанов эмнеси менен Текебаевден, Коңгантиевден же Исаевден артыкчылыгы бар? Анда келгиле Аскарбек Шадиевге да мунапыс берели, бардык ачкын саясатчыларга кечирим берели. Бул жерде жөн гана кимдир бирөөлөр ошолордун кызыкчылыгына иштеп жатат, анан бул маселени президентке айтып жатышат.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх