Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордукракурс. Бабановдун "ва-банкы"

Атамбаев менен болгон окуялардын учурунда Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши – эмне үчүн азыр жана эми аны менен эмне кылышат деген эки башкы маселенин белгиси астында болуп өттү?

Бабанов Кыргызстанга Кой-Таштагы окуялар бүт өлкөнү ойлондуруп жаткан мезгилде кайтып келди. Мурдагы президенттин азыркы бийлик менен тиреши ушунчалык жогору болуп жаткан. Бирок, куугунтукта жүргөн саясатчы, Бишкекке, үйүмө учакка билет алдым деп билдирүү жөнөткөндө, бүт өлкө, жумшагыраак айтканда, жалдырап эле калышты. Ошол эле учурда, анын КАЙТЫП КЕЛЕ ЖАТКАНДЫГЫНАН ЭМЕС.  Анын себеби, ал муну, бийликтин эси ооп жаткан учурунда жасап жаткандыгы. Мындай абалда, татаал учурга ким болбосун тушугуусу мүмкүн эле, өзгөчө, бийлик тиш кайраган адамдар. Ошол эле учурда анын кылмыш иши юридикалык жактан тартипке келтирилген эмес болчу, ошондуктан, саясатчыны куугунтуктаганга бардык негиздер болгон. Эчтекеге карабай, кийинки окуялар Өмүрбек Бабановду тыткылай турган тиштердин өтө деле курч эместигин тастыктады.

Ал ийгилик менен учуп келди, аны кубануу менен тосуп алышты, өлкө кайра эле эсейип калды. Эми, Бабановдун кыргызстанда экендигинен, жана ага эч нерсе болбогондугунан. Эчтеке болгон жок, камалган жок, УКМКнын бифинги да болбоду, улуттук телевидение аны каралаган көрсөтүүлөрдү да берген жок. Унутпашыбыз керек – Бабанов кылмыш ишинин фигуранты. Ал деген, керек болсо, президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков, эгер мен мамлекет башчысы болуп калсам, паракорчулук менен болгон күрөштү сенден баштаймын деген адам. Жээнбеков президент болду, Бабанов кайтып келди, жана ... Көп чекит – бул өзгөчө мүнөздөгү пауза, ойлорду топтоштурганга чейинки.  Ой жоорууларды пайда кыла турган ушунчалык, өтө көп суроолор ортодон чыгууда.

Бабанов кимдин душманы?

Бул, Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтып келүүдөгү экинчи аракети экендигин эстен чыгарбайлы. Биринчиси, демарш менен аяктагандыгы, эсибизде. Ошол кезде саясатчы өзүнун кадамын, абалды курчутуп, тарапташтарын бөөдө күнөөгө тартылбашы менен түшүндүргөн. Ал убакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикте болчу, ошол эле учурда, Кой-таштагы курчоо эмне менен бүтөрү белгисиз болгон. Бул деген, ошол учурда мурдагы мамлекет башчынын түрдүү түзүмдөргө таасири, өзгөчө күч органдарында сакталып турган. Мүмкүн , ал таасир анчалык деле болбосо керек, бирок, тажрыйбалуу Бабанов, биздин өлкөдө конъюнктуралык кызыкчылыктар жана жеке амбициялар кээде сөзгө караганда маанилүүрөөк экендигин түшүнгөн. Ошондон улам, темир тордун артында болуп калуу тобокелчилиги туулган жерди өпкүлөө каалоосунан жогору болгон. Бирок, Атамбаев камалышы менен, Бабанов чемодандарын колтуктап, өлкөбүзгө жөнөдү. Жана... аны камакка алышкан жок. Ошондой болсо да, саясатчыны камап коюшканда, эч ким таң калмак эмес. Көрүп турабыз, бийлик мүнөзүн көргөзуп, Атамбаевге кысымды күчөтүп жаткандан кийин, партиянын лидери менен эсептешпей эле коймок. Андайлар болгон жок, эми болсо суроолор, тактап айтсак, жоромолдор өтө көбөйүп кетти. Эгер ал эркиндикте жүрсө, демек, ал кимдир бирөөлөргө керек окшойт?  

Суракпы же аңгемелешүүбү?  

Өткөн жумада Өмүрбек Бабановду УКМКга суракка чакырышты. Көпчүлүккө бул бир тарапка берилген билет сыяктуудай көрүндү. Бизде мындайлар тез-тез болуп турчу – чакырышат, келет, камап коюшат. Андан кийин сот, анын артынан тергөө. Андан соң түрмөгө чейин бир кадам. Ал жактан чыгуу, белгилүү болгондой, мүмкүн болбой калышы ажеп эмес. Эгер мөөнөттү гана аягына чейин өтөбөсөң. Ишенбесеңер. Текебаевден сурагыла. Ага бир гана БУУ аралашкан жок, ал болсо азырга чейин олтурат. Партия бардай эле көрүнөт, бирок, лидери жок. Бабанов менен ушундай сценарий ойнолушу мүмун эле, бирок, ага барышкан жок, мындан эки чыгыш жол бар. Же азыр дагы эрте. Же такыр эле камалбайт. Бирок, эгер экинчи сценарий ишке аша турган болсо, анда суроого жооп, эмне үчүн мындайлар болууда, жоопту бир аздан кийин алууга болот, ал жооп качан Кыргызстандын башкы оюнчулары карталарын ачышкан кезде билинет. Качан партиялык босстун эркиндигинин баасы бычылганда гана, ачыкка чыгышы мүмкүн. Коммерциялык жөнү барбы, мүмкүн, өз эркиндиги үчүн кандайдыр бир кирешелүү финансылык активди жөн эле карматып коюу мүмкүнчулүгү да бардыр.  Же иштин баары парламенттик шайлоолордобу. Бабановдун партиялык курулушта көп нерсени өздөштүргөндүгүн эске алсак, анын партиясы 2020-жылдагы шайлоолордо чоң ийгиликтерге үмүт кылышы мүмкүн. Сөзсүз, Жогорку Кеңештеги биринчи скрипканы бийликке ыктаган партия ойнойт, ошол эле учурда ал партияга күчтүү өнөктөш керек. Эмне үчүн республикачыларга ыктоого болбосун? Ошол эле учурда, мындай аракет батыштын аймактык кызыкчылыктарын канаатандырган болот. Эми УКМКдагы экинчи суракты күтөбүз, эгер ал чындыгында эле боло турган болсо.

Мына, ким талоого түштү

Бабановдун УКМКдагы сурак бергенден кийин, ЖКККМКнын кызматкерлери саясатчы атайын кызматка айдатып келген «Лексусту»айып аянтчасына киргизишти. Айнектерди караңгылатуу эрежелерге каршы келет экен.  Өтө күчтүү болду! Көрсө биздин өлкөдө адилеттик баары бир бар экен! Эгер сизди улуттар аралык кастыкты козуттуң  деп күнөөлөшсө, анда кечиресиз – жакшынакай машина менен жүрүңүз.  

Бакыт Аман

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх