Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев кимдин чыныгы дос экендигин, ал эми кимдер өз кызыкчылыгы үчүн гана жүргөндүгүн түшүндү

Депутаттын кызы анын атасы бошонгондон кийин эмне кылып жаткандыгын айтып берди

Кечээ Канатбек Исаев камактан бошонуп чыгып, аялынын туулган күнүнө чоң белек кылды. бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутаттын кызы Бермет Исаева айтып берди.

Анын айтымында, атасы азыр өзүн жакшы сезип, жакын адамдарынын ортосунда убакыт өткөрүп жатат.

- СИЗОнун шартына эч качан арызданган жок, анткени күчтүү адам, - дейт Бермет. Бир гана жери, ал жакта үй бүлөсүнүн жоктугу болду. Ошондуктан ал азыр үйдөн чыкпай отурат. Буга чейин ал апасы менен жоолуккан. Андан сырткары биз түлөө өткөрүп атамдын досторун жана туугандарыбызды чакырдык. Исаева анын атасы дагы кайсы кесиптештери менен жоолугушкандыгын айтты.

- Азырынча ал эң жакын гана адамдары менен жоолугушту, - деп улантат ал. - Фракциядагы депутаттардын кээ бирлери келишти.

Ошону менен бирге, анын айтымында, Канат Исаевге чыныгы дос тууралуу  да түшүнүк пайда болду.

- Ар кандай кырдаалда жакшы учурларды таба билүүгө болот, - деп кошумчалады Бермет. - Биз азыр кимдин дос экендигин, кимдин өз кызыкчылыгын көздөп гана жүргөндүгүн билебиз.  

Аягында депутаттын кызы Канатбек Исаевге кандай чектөөлөр коюлгандыгын түшүндүрдү.

- Негизинен, атам эркин эле жүрөт, бирок кечки 9 дан таңкы 6га чейин белгиленген гана даректе түнөшү керек, - деп тактады Бермет.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх