Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэрлигине талапкер «жогору жактан» дайындалып калганбы?

Азиз Суракматовдун талапкерлигин эки фракция колдоду

Бишкектин мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинде эки фракциянын лидерлери колдоп чыгышты. Тактап айтсак, Алмаз Баатырбеков «Кыргызстан» фракциясынын башчысы жана Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» деп билдирет govori.tv басылмасы.
 
- Биздин фракция Азиз Суракматовду колдойт, ал мурда шаардык кеңеште иштеген жана тийешелүү тажрыйбасы бар,- деди Төрөбаев.

Депутаттык фракциялардын бул айткандары көп нерседен кабар берет, деген оюн саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайтына бөлүштү.

Анын айтымында, бул талапкер күн мурунтан макулдашылган.

- Башка жагынан алып караганда деле көзөмөл баары бир КСДП фракциясында турат, анткени алар көпчүлүк да шаардык кеңеште, - деп белгиледи саясат таануучу.  - Бирок Албек Ибраимовдун кызматтан алынышына караганда, Азиз Суракматовдун талапкерлиги күн мурунтан эле жогору жак менен макулдашылган сыяктуу.

Шаар кеңешинин мурдагы спикери нуржамал Байболова Vesti.kg сайтына берген маегинде жогорудагы саясат таануучунун сөзүнө кошула тургандыгын айтты.

- Чамасы анын талапкерлиги жогору жактын уруксаты менен коюлуп жатат, -деди ал. - бизде партиялык система, бирок мурунку мэрди алууда партиялаштары да каршы чыкпадыбы. Бул деген сырткы таасирдин астында болуп жаткан нерседен кабар берет. Менин билишимче мэрдин иши конкреттүү формада бааланат. Мэрдин отчётуна карап туруп анын ишине баар бериш керек. Мэрия деген аткаруу органы да, шаар кеңешинин алдында эсебин бериши керек.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайтына маалымдашкандай Азиз Суракматов шаар кеңешинин депутаттарын ресторанга чайга чакырган. Ал эми депутаттар болсо бул ушакты четке кагышкан.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх