Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМКлар Өмүрбек Текебаев эмне менен ооруганын айтып беришти

Экс-депутаттын канча убакыт ооруканада болоору белгисиз

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевди жакында эле колониядан Улуттук кардиология бөлүмүнө алып чыгышкан, анын оорусуна диагноз коюшту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын пресс-кызматы билдирди.

- Анализдин жыйынтыгы менен Текебаевде аортанын атеросклерозу, ошондой эле коронардык тамырлардын атеросклерозу, карынчалардын үстүндөгү экстрасистолиттик аритмия, 2-баскычтагы гипертония оорусу өтө жогорку коркунучта, - деп маалымдашты мекемедегилер. - Андан сырткары, түйүлгөн зоб жана эутиреоз бар экендигин аныкташты.

ЖАМКлар саясатчы дагы канча убакыт дарыланары белгисиз экендигин белгилеп өтүштү.

- Азырынча ал процедурадан өтүп жана дарыланып жатат, - деп аякташты андагылар.

Эске салабыз, Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өтүп жана Улуттук кардиология бөлүмүндө дарыланып жатат. Аны бул жакка 1-августта алып чыгышкан. Мурунку депутатооруканада конвойду көзөмөлү астында.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх