Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев: Текебаев адилеттүүлүктүн символу болуп калды

Башпрокуратуранын «Конституциянын атасына» байланыштуу ишти кайра кароодон баш тартышына көрүнүктүү ишмерлер комментарий беришти

Экс-депутат Өмурбек Текебаев камакта отурганда, адилеттүү сот тууралуу кеп кылып да кереги жок. Мындай оюн Vesti.kg сайтына Убактылуу өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди. Ал Башпрокуратуранын соттолгон саясатчынын ишин кайра кароодон баш тартышына да комментарий бере кетти.

Анын сөзү боюнча, азыркы бийлик Текебаев адилеттүүлүктүн символу болуп калгандыгын түшүнбөй жатат.

- Атамбаев андан коррупционер жасагысы келген, бирок элдер миллиондогон долларлар кимдин чөнтөгүнө кеткендигин билип калышты, - дейт Каптагаев.  - Баарынан да Текебаевдин иши адилеттүү каралышы керек, ал эми анын кимге жагаар, жакпасы экинчи маселе. Анткени менен элдин баары Текебаевдин качан чыгаарын сурап жатышат.

Анын позициясы менен ЖК экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков жарым жартылай макул болот.

- Менин көз карашымда, бул жерде акыйкат сотко караганда саясат көбүрөөктөй, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Текебаев деген оңой фигура эмес. Эгерде ага мүмкүнчүлүк беришкенде, ал акыркы болуп өткөн  президенттик шайлоодо эл сүйгөн адамдардын бири болмок. Кыскасы Текебаевдин ишинде көп карама-каршылыктар бар. Мисалы, Маевский Текебаевдин кабинетин көрсөтөм деп, Атамбаевдин кабинетин көрсөтүп алды. Ал менин мурдагы иш кабинетим болчу. Бул деген шермендечилик !  Жок дегенде Текебаевдин кабинетин туура көрсөткөндө ишенсең болмок. Эгерде Текебаевди бошотсо, анда калган башка саясий камактагыларды да бошотуу керек. Мисал үчүн, Жусуп Иманалиев, алтургай мунапыска да туш болгон жок, Мурат Суталинов жана башкалар. Кечээги Башпрокуратуранын кайра кароодон баш тартышы эч нерсени чечпейт. Текебаевдин жактоочулары сотко кайрылып туура кылышты. Такыр болбосо эл аралык инстанция бар.

Кечээ Башпрокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх