Митингге чыккандарга мэриянын имаратынан эч ким чыккан жок
Активисттер мурункудай эле шаардык кеңешти таркатуу жана шаар башчысын шайлоону жокко чыгаруу талабы менен турушат
Бишкек мэриясынын алдында Азиз Суракматовдун Бишкекке мэр болуусуна каршы митинг өтүп жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына укук коргоочу Калича Өмүралиева билдирди.
Нааразылык акциясы эки сааттан бери уланып жатат. шаардык администрациянын имаратынын жанында 50 ашык киши топтолду. эл өкүлдөрүнүн эч кимиси митинг кылгандарга чыга элек.
- Биз мурункудай эле шайлоону токтотууну жана шаардык кеңешти таркатууну талап кылып турабыз, - деди активист.
Мурдараак Vesti.kg сайтына Калича Өмүралиева укук коргоочулардын шаар кеңешинин фракцияларынын каракчыларын даярдап, эгерде Суракматовду шайлашса өрттөй турушкандыктарын билдирген эле. Бирок активисттер кайра ойлонушту.
Бүгүн өрттөбөйбүз, алар али бизге керек болот, - деди Өмүралиева.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Окшош макалалар
- Апрель революциясынын катышуучулары Ак үйдүн алдына топтолушту
- Борбор калаада соодагерлер митингге чыкты
- Милиция кызматкерлери Ак үйдүн алдында аялдардын укуктарын колдоого чыккан митингчилердин плакаттарын айрып салышты (видео)
- БШК мүчөсү: Биз Азиз Суракматовду кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыр деп мажбурлай албайбыз
- Бишкек мэри кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыруу сунушунан баш тартты