Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент «Кыргыз темир жолу» коштоочуларынын ишин жеке көзөмөлүнө алды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Алия Асанбаева менен жоолугуп, анын бардык доо арыздарын укту

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева мурда президентке кайрылуу жасаган болчу. Ал кечээ кечинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин кабыл алуусуна чакырылды. Бул туурасында Vesti.kg сайиына «Коррупцияга каршы коом» коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров билдирди.
 
Кадыровдун сөзү боюнча, ал өзү Алия Асанбаеванын кызыкчылыгын көздөйт, анткени мындай туруктуу дарандык позиция ага жагат.

- Ал бизден темир жолдун жетекчилеринин дарегине карата коюлган айып боюнча бардык тастыктоочу документтерди жана фактыларды алды. Бул кайрылуу президенттин жеке көзөңмөлүнө алынгандыгын жана анын арызы боюнча тийешелүү чаралар көрүлөөрүн айтты. Ошондой эле Алиянын өзү да коргоого алынаарын айтты. Биз президент жана Коопсуздук кеңеши тарабынан мынчалык тез реакция болгондугуна абдан ыраазыбыз. Ошол эле мезгилде каржы полициясынын көз ирмемде реакция берип кошулгандыгын кошпой кетсек болбойт. Президентке, Коопсуздук кеңешине, кыргызстандын элине терең ыраазычылык билдирем. Алар мени колдоп беришти.
Ошону менен катар жарандык активист транспор Министрлигине бул маселе тууралуу нааразычылыгын билдирди.

- Муну көзөмөлдөөчү министрлик таптакыр эле четте туруп алды, деп кошумчалады Кадыров. - Алар Асанбаеваны кабыл да алышкан жок. Орун басары да киргизбей койгон.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы поезддердин начальниги менен коштоочунун артосундагы жаңжал тууралуу жазган болчу. Анда поезддин начальниктери бир сапарында 400 билетсиз жүргүнчүлөрдү ташып, мунун аркасы менен 300 миң сом арам акча табаарына даттанышкан эле.

Ал эми мекемедегилер бул маалыматты танышкан болчу. Мекеменин башчылыгы кызматтык иликтөө кылабыз деп убада беришкен болчу.

Бул окуядан соң Алия Асанбаева президентке видеокайрылуу жасаган. Кайрылууда президент аны темир жол жетекчилигинин куугунтугунан куткаруусун суранган. Тактап айтканда анын өмүрүнө коркунуч туулган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх