Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП депутаттарынын арасынан ким Кожобек Рыспаевге жан тартты?

«Социал-демократтар» фракциясынын бардык эле депутаттары партиянын чечимин колдогон жок

Депутат Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарышты. Андан сырткары, партиялык кенеш аны ЖК отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү боюнча Комитеттин төрагалыгынан боштууну сунуш кылышты.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Кожобек Рыспаев өзүнүн сөзү менен партияны жокко чыгарды.

«КСДП партиясында өлкөнүн келечеги жана макулдашуулар тууралуу партиялык ишмердүүлүк, сүйлөшүүлөр болгон жок. Эгерде КСДПнын Бишкек ЖЭБтеги күнөөсү далилденсе мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда тамырлаш болуп жашаган жокпуз», - деген депутаттын сөзүн келтирди жолдубаева.  

Мындай чечимге парламенттик «социал-демократтар» кандай карашты? - деген суроо менен Vesti.kg  сайты депутаттарга кайрылды.

Карамушкинанын сөзү боюнча, кечээ КСДПнын саясий кеңеши ушундай чечим чыгарды.

- Мен өзүм кечээ ошол жыйында болдум жана бул чечимди колдодум, деди ал  Vesti.kg сайтына. - Андан сырткары, Рыспаевди тийешелүү комитеттин башчылыгынан алып жана андан кийин дароо партиядан чыгаруу чечимин кабыл алдык. А регламент боюнча комитетти фракциянын мүчөсү гана башкара алат.

Анын кесиптеши Азамат Арабаев болсо комментарий берүүдөн баш тартты.

Кээ бир эмгек өргүүсүндө жүргөн депутаттар бул саясий окуяны укпай да калышты. Айнуру Алтыбаева болсо мындайды биринчи жолу кулагым чалды дейт.

- Мен бул тууралуу уккан жокмун, азырынча отпускадамын да, - деп жооп узатты эл өкүлү.

Жаңылык депутат Искендер Матраимовду да кыйгап өтүптүр.

- Мен азыр иш сапары менен Ошто жүрөм, ошондуктан эч нерсе билбейм, - деди ал.

Ал арада КСДП фракциясынын ичинен партиянын чечимин колдобогондор да табылды. Алардын бири Абдывахап Нурбаев.

- Чынын айтсам, мен  бул тууралуу толук маалыматым деле жок, бирок анча туура эмес чечим болуп калды, - деп белгиледи ал  Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Анткени Бишкек ЖЭБ тууралуу өтө курч маселелерди Рыспаев көтөрчү болчу. Ошондуктан мен бул чечимди колдобойм.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх