Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кожобек Рыспаевге окшогон адамдар эч жерде жок болуп кетпейт»

Талдоочу депутатты партиядан чыгаруу тууралуу КСДПнын чечимин колдоду. Эл өкүлү тийешелүү комитеттин баштап турганда өзүн өзү жок кылды деген да пикирлер бар

Энергетика чөйрөсүнүн талдоочусу Расул Үмбөталиев депутат Кожобек Рыспаевдин партиядан чыгарылышы тууралуу КСДПнын чечимин туура деп эсептейт. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Үмбөталиевдин айтымында, депутат Рыспаев ЖК отун-энергетика комплекси боюнча комитетти жетектеп турганда өзүн өзү жокко чыгарып алды.

 V чакырылышка «Ар-Намыс» партиясынан келгенде эле ал ушул комитетти жетектеген, - деп эскерет талдоочу. - Кийинки чакырылышта комитетти кайрадан ага жетектетти. Анткени 8 жыл аралыгында бул комитет алгылыктуу иш жасаган эмес болчу. Рыспаев бул комитетке жетекчи болуп келгенден баштап, көз карандысыз эксперттерди ишке тартты, жарандык коом менен тыгыз байланышта болду. Бирок бул чакырылышта ал муну кылбай калды. Менин оюмча, эксперттер анын чындыгында ким экендигин түшүнүп калышты окшойт. Кээ бир депутаттар ага ушул маселе менен кайрылышканда, ал эксперттерди таптакыр эле кереги жок деп айтты. «Алардын кимге кереги бар? Алар сууну ылайкалап, жалган маалымат таркатышат», - деп жооп берди ал аларга. Ушул себептен комитетте иш бир гана жактуу болуп калды. Алар жыйынга бир гана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн гана чакырып жүрүштү.  


Мисал катары Бишкек ЖЭБдеги аварияны келтирди. Анын сөзү боюнча, жылуулук электростанциясын модернизациялоо келишимин ратификациялоо келишимин ЖК отун энергетика комитетинин башчысы катары кудум ушул Рыспаев колдоп берген.  

- Авария болгондон кийин кудум ошол Рыспаев өзүн адаттан тышкары алып жүрдү, Сапар Исаковду күнөөлөп жатканда өзүн оңтойсуз сезип жүрдү, - деп улантты ал. - Ал бул тууралуу ратификацияга чейин эскерткендигин айтты, бирок ал кезде кеп ратификацияга жете элек болчу. Албетте, беттен алуу - коргонуунун жакшы түрү да. Бул аварияда албетте ал да күнөөлүү, анткени тийешелүү комитеттин жетекчиси катары ратификациялоого жол берген.

Үмбөталиев сөзүнүн акырында Кожобек Рыспаевге окшогон адамдар эч жерде жоголуп кетпейт деп белгиледи.

- Мен аны кайсы бир партиядан ордун таап кетет деп ойлойм, анткени ал мурда да ошенткен да, - деп кошумчалады эксперт. - Балким башка партиядагылар аны жакшылап көңүл буруп карап көрүшсө туура чечим чыгарышаар.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх