Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Бишкектин мэрине кыргыз тили боюнча экзаменди кайра тапшырууну сунуштайт

Ошол эле учурда комиссия активисттин арызын канааттандыруудан баш тартты, бирок ал деле ошону талап кылган болчу

Боршайком Канышай Мамыркулованын Бишкек жана Ош мэрлеринин «Кыргызтест» системасы боюнча кыргыз тилинен экзамен тапшыруусун талап кылган арызы боюнча чечим кабыл алды.  Бул туурасында
Vesti.kg сайтына БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШКнын коллегиясы Мамыркулованын арызын канааттандыруудан баш тартты.

- Ошентсе да, Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашевге «Кыргызтест» системасы боюнча кыргыз тилинен экзамен тапшыруу сунуштоо чечими кабыл алынды, - деп белгиледи Абдыжапар Гапырович.

Эске сала кетсек, мурда жарандык активист Канышай Мамыркулова арыз менен БШКга кайрылган. Ал Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашовдун «Кыргызтест» системасы менен мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырууларын талап кылып арыз жазган.  Ал өзүнүн талабын өкмөттүн 2017-жылы 13-июлдагы  №430 Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери «Кыргызтест» системасы боюнча кыргыз тилинен экзамен тапшыруусу зарыл деген токтомуна таянып жазган.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх