Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тутулбаган ууру болбойбу? Эмне үчүн «Раим миллиондун» VIP-катарда отурушуна тыюу салышпайт

Эксперттер депутат Карамушкинанын ДКО мааракесинде МБК башчысынын мурдагы орун басары Матраимовдун отурушуна болгон нааразычылыгына кошулушпайт

Раим Матраимовдун Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышындагы  VIP-катарда отурушуна нааразы болоордон мурда, кимдин кай жакка кирээр кирбесин аныктап алуу зарыл. Мындай пикирин саясат таануучу Орозбек Молдалиев  Vesti.kg сайтына билдирди.

Түшүндүрө кетели, мурдараак депутат Ирина Карамушкина ДКО ачылышында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары  «Кыргызстан элине Раим миллион» деген ат менен белгилүү
болгон Раимбек Матраимовдун катышып жаткандыгын фейсбуктагы өз баракчасына жазып чыккан болчу. Андан да ал  VIP-катарда отурган.

«Көчмөндөр оюнунун ачылышына  Райым - «каракчы» Матраимовдун өзү келди, - деп жазат эл өкүлү. - Керкейип келип, өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар менен учурашты. Коррупция менен күрөштө паракорлор менен мамлекеттик чөнтөкчүлөр жеңди!».

Карамушкина өзүнүн постунда башпрокурорго, УКМК төрагасына жана ККК директоруна кайрылат.   

Эмне үчүн силер Матраимовду тыкыр иликтеп чыгуу маселесин президенттин алдына койбойсуңар? - деп сурайт ал. - Кубанычбек Кулматов кандай акчалар бюджетке кириштелсе болооорун дааны көрсөттү го, аны болсо дароо алып салып, УКМК камерасына тыктыңар. Мектепке грант бөлдүрдү, 20 жыл өткөн соң жарандыгы бар экен, анан канаттуулар фабрикасындагы кимдир бирөөгө акча бербей койду деген шылтоо менен камап салдыңар. Ушул үчүн кишен салып УКМКгабы? Раим болсо бетин кызартпай эл алдында отурат, - деп жазат эл өкүлү.  

- Биздин өлкөдө  VIP-катарда отурууга чектөө барбы, болбосо аэропорттун  VIP-залынан пайдаланышка чектөө барбы? - деп улантат Молдалиев. - Эгерде депутаттар мындай орундарга жалаң биз отурабыз дешсе, анда тийешелүү мыйзам чыгарышсын.

Орозбек Абдысаламович эгер депутаттар Матраимовдун беделинен коркуп атышса, анда нааразычылык катары ал катардан туруп кетип калышы керек болчу.

- Бирок антишкен жок, - дейт саясат таануучу. - Парламентте деле жаман атагы бар депутаттар толтура. Кээ бирөөлөрүн УКМКнын тергөө абагына "мамлекеттик камсыздоого"  алып жөнөтүп жатышат. Ошондуктан Карамушкинанын мынчалык тынчсыздануусуна эч себеп жок.

Өз кезегинде юстициянын эс алуудагы генерал-майору, баш прокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиев Карамушкинанын бул маселени Матраимов кызматта турганда көтөрө албай эми козгоп жаткандыгына нааразы болот.

- Эмне үчүн депутат партиянын төгүлгөн абийири үчүн мурда күйүп бышкан эмес? - деп ой жүгүртөт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Мен айтпадым беле коррупция менен күрөш тандалып жүрөт деп. Муну элдин баары көрүп турат. Бирок Кылмыш иши Матраимовго дагы деле козголгон жок. Бирок кызматын калыбына келтирүү тууралуу соттун чечими бар. Мен анын канчалык негиздүү экенин билем. Бирок азыркы мыйзам боюнча ага каршы аргумент келтирүү кыйын.

Кубатбек Азаматович бардык айыптоолор азырынча сөз жүзүндө гана экендигин белгилеп кетти.

- Карамушкина тууралуу деле ар нерсени айтса боло берет, - деп аяктады ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх