Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Азиз бизнес-омбудсмен кызматын киргизүүнү сунуш кылат

Акыйкатчылык орунга талапкер өз программасында аялдардын, балдардын, аскер кызматкерлеринин, камактагылардын жана алтургай ММКнын да укуктары тууралуу кеп кылган

Акыйкатчылыкка талапкер саясат илимдеринин доктору Канатбек Азиз акыйкатчы институту соттук Кеңештин Тартип комиссиясынын жыйынында катышып отуруусу керектигине ишенет.

- Соттордун акыйкатсыздыгын жашырганга болбойт дейт Канат Азизович Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Сот бийлиги жарандардын ишениминен чыккан. Ошондуктан парламент буга көңүл буруп, соттук-укуктук реформа боюнча кодекс кабыл алды. Бул иште акыйкатчы институту парламентке да, мамлекет башчыга да кол кабыш кылуусу керек.

Омбудсменге талапкер акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин соттук Кеңештин Тартиптик комиссиясынын жыйынында катышып отурушу жарандардын укуктарынын корголушун жакшыртат деп ишенет.  

- Андан сырткары, мындай жол менен парламент да, президент да (такай көз салып туруу менен) сот бийлигинин түзүлүшү жана соттордун өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө да көзөмөл кыла алат, - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Канатбек Азиздин ою боюнча балдар менен аялдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

- Бир эле 2017-жылдын эсеби  боюнча Кыргызстанда Соттук департамент үй бүлө зомбулугу боюнча 2 547 фактыны каттаган, - дейт ал. Ошонун ичинен каралган кылмыш иши 313 гана. Балдардын сексуалдык зомбулукка кабылуусу да өтө көңүл бурчу нерсе. Органдар тарабынан көзөмөл жана тийешелүү мыйзамдар жок. Кыргыз омбудсмен институту үй бүлө тууралуу, балдарга болгон зомбулук тууралуу сотторго катышып, алардын органдар тарабынан каралышына, адам укугу тууралуу парламенттин комитетине жетишине милдеттенме алуусу керек.  Ажырашуулардын санынын өсүшүн эске алып, алимент өндүрүүнү мыйзам чегинде жөнгө салуу абзел.

Ушуну менен катар Канатбек Азиз өз программасында чет элдеги биздин жарандардын укуктары тууралуу да айта кетти.

- Биздин мамлекеттен сырткары чыгып экономикалык абалын оңдоону көздөгөн биздин жарандар айрым учурларда укуктары тебеленип калышат, - деди ал. - Мен КР ТИМ менен кызматташтыкты сунуш кылам. Чет элдеги жарандарыбызды конституциялык укуктары менен камсыз болууга жардам беришибиз керек.

Талапкер тарабынан кыйноо да көз жаздымда калган жок.

- Омбудсмен институту Кыргызстанда мамлекеттик бийликтин органы катары укук коргоо кызматкерлеринин мыкаачылык менен мамиле кылууларын жок кыла албады, - деп кеңеш берет Канабек Азиз.
Ушундан улам, Акыйкатчынын милдетине колониялардагы жана атайын кармоочу жайларда мыйзам нормаларын гумандаштыруу кирет. Тилекке каршы акыркы жылдар көрсөткөндөй мындай нерсеге жол бергендер соттор, алар бийлик менен ММКнын ортосундагы талашка жол берип жатышат. Мындай соттук процесстер чет мамлекеттерде сөз эркиндигин басынтуу болуп саналат. Эч кимге пайда алып келбейт. Ушундай учурда омбудсмен институту бийлик менен ММКнын ортосунда арачы болуп, талашты чечкенге бардык күчүн жумшашы керек.


Канатбек Азиз аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча өзүнүн аргументтери менен бөлүштү.

- Бул жарандардын категориясы дайыма мамлекет тарабынан коргоодо турат, бирок иш жүзүндө теңирден тескери, - деди ал.  - Катардагы жоокерлер уставдык эмесмамилелерден улам ар дайым кемсинтүүгө жана уруп-согууга дуушар болушат. Мунун тамыры жашыруундукта жатат.  Мына ушул себептен улам, аскер омбудсменин киргизүү зарылчылыгы келип чыгат.

Саясат илимдеринин доктору Омбудсмен институту  бизнес өкүлдөрү үчүн да маанилүү экендигин баса белгиледи.

- Кичи жана орто бизнес биздин өлкөдө маанилүү ролду аткарат. Аларды конституциялык-укуктук жактан эч ким коргоого алган жок жана бийлик тарабынан колдоого алынган эмес. Ушуну көңүлгө алып, чет элдиктердин тажрыйбасын колдонуп акыйкатчы институтунун алдында бизнес-омбудсменди ачышыбыз керек. Ишкерлердин мамлекеттик органдар тарабынан бузулган укуктарын сотсуз калыбына келтирүү иштерин уяштууруну колго алуу керек. Бул биздин ж ишкерлер менен бирге эле чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо максатында, - деп сөзүн аяктады ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх