Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Ош шаарындагы 5-тергөө абагына барды

Ал аталган абак жайдын жетекчилигинин коштоосунда жабык мекемеде кармалагандардын кармоо шарттары менен таанышты

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Ош шаарына жана Ош областына жасаган иш сапарынын маалында 5-тергөө абагына барды. Бул тууралуу Омбудсмен институту билдирди.

Акыйкатчы аталган абак жайдын жетекчилигинин коштоосунда жабык мекемеде кармалагандардын кармоо шарттары менен таанышты.

Башкы укук коргоочу барган учурда бул мекемеде 367 адам кармалып турганы белгилүү болду, баардыгы 500 адамды кармоого эсептелген.

Камераларды тандап карап чыккан учурда, алардын биринде 4 адамга эсептелсе да, 8 киши камалып жатканы белгилүү болду.

Акыйкатчыга мекеменин баардык блокторун көрсөтүштү. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган блокто эч ким жок экен - кармалып тургандардын бир аз мурда этап кылышыптыр.

Акыйкатчы 5-тергөө абагынын жетекчилиги менен биргеликте камераларга кирип жана кармалып жаткандар менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү.

Жалпысынан абакта кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Бирок сотто алардын укуктарын коргоону өтүнүштү.

Баардык камералар ным жыттанат, 5-тергөө абагынын имараты абдан эле эскилиги жетип калган. Камераларды карап чыгышкандан кийин Акыйкатчы жана аталган абактын жетекчилиги бул көйгөйдү талкуулашты.

“Белгилүү болгондой, 5-тергөө абагынын имараты эски, ал 1890-жылдарда курулган, бул жерде Алымбек датканын уулу Камчыбек камалган”,-деп айтышты Акыйкатчыга мекеменин кызматкерлери.

Джамиля Джаманбаева Министрлер кабинетин 5-тергөө абагын шаардын чет жагына көчүрүү маселесин чечүүнү ылдамдатууга чакырат.

“5-абакта кармалгандардын кармоо шарттары тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Бул адам укуктарын бузуу болуп саналат. Мен 5-тергөө абагынын шаардын четине салына турган жаңы имаратынын курулушу боюнча ишти тездетүүнү абдан сунуштайм”,-деди Акыйкатчы.

Расмий органдардын берген маалыматына таянсак, бул жабык мекеме шаардын четине көчүрүшү зарыл болгон объектилердин тизмесине кирген. Азыркы учурда жаңы тергөө изолятору курула турган жерди тандоо маселеси каралып жатат.

Андан ары Акыйкатчы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына барып, кармалып тургандардын абалы менен таанышты. Убактылуу кармоочу жай ИИБдин имаратынын эң алдыңкы кабатында жайгашкан.

Кармалган аялдардын бири өзүн адвокатмын деп тааныштырып, укуктары бузулуп жатканына даттанды.

Аны “бейбаштык” беренеси боюнча кармашкан. Акыйкатчы анын арызын угуп жана көпкө чейин пикирлешти.

Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери аялды Акыйкатчы аталган жайга келээрден жарым саат мурда алып келишкенин билдиришти.

Башка камераларда кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Ош шаардык ИИБдин башчысы Акыйкатчыга адам укуктарынын сакталышын коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Омбудсмен институту

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх