Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Ош областынын тургундары менен жолугушту

Жолугушууга 250дөн ашык адам келди, айрымдарына орундар жетишпей, жыйналышка тик туруп катышууга туура келди

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева 27-сентябрда Ош областында жана Ош шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Омбудсмен институту билдирди.

Акыйкатчы Ош областындагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын областтык жана шаардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууларда адам укуктарын сактоону камсыз кылуу боюнча кечиктирилгиз чараларды кабыл алуунун маанилүү экени тууралуу сөз болду.

Негизинен шаарда ала качуу көбөйгөнү маалымдалууда, бирок бул маалыматтарды текшерген учурда кыздар өз ыктыяры менен никеге турушканын билдиришүүдө.

Андан кийин областтык администрациянын залында Акыйкатчы областтын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга 250дөн ашык адам келди, айрымдарына орундар жетишпей, жыйналышка тик туруп катышууга туура келди.

Акыйкатчы менен жолугушууга областтык укук коргоо, прокуратура органдарынын, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Акыйкатчы жарандардын арыз-даттанууларын угуп, жеринде мамлекеттик органдардан жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды.

Тургундар алардын жер үлүштөрү, медициналык, социалдык тейлөө алуу, паспорт алууда укуктары бузулганын айтып даттанышты.

69 жаштагы аял Акыйкатчыга анын укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды, анткени анын көп кыйынчылыктар менен салган үйүн соттун чечими менен бузуп салышып, болгону бир бөлмөсүн гана калтырышкан.

“Мен 10 жыл мурда Ош шаарынан участок алып, ал жерге үй салгам. Менин бул участокко “кызыл китебим” бар болчу, андан кийин сотко чакырышып аталган участокко башка адам ээ экенин айтышты. Самарбек аттуу киши аларга ушул участокту сатып жиберген экен. Биз соттоштук, сот бизге каршы чечим чыгарды. Самарбектин аракетинен жабыркаган он киши бар экен, баарыбыз адилетикке жетпей жатабыз, анткени ал күч органдарында иштейт”,-деп арызданды аял.

Ошондой эле Акыйкатчыга КРнын жарандыгы берилбей жаткандыктан улам социалдык тейлөө албай жатышкан этникалык кыргыздар кайрылышты.

Майлуу-Суунун тургуну Акыйкатчыга төмөнкү жагдайды айтып көмөк сурады. Анын баласын улуураак балдар уруп салышкан, ал эми дарыгерлер зарыл болгон жардамды беришкен эмес. Баланы Ошко башка дарыгерлерге алып барышкан. Ошого карабай керектүү жардам ала алышкан эмес.
“Менин баламдын укугун коргоп берүүнү өтүнөм”,-деди аял.

Акыйкатчы баланын медициналык тейлөө алууга карата укуктарын сактоону камсыздоону талап кылды.

Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Рустам Орозбеков балага зарыл болгон жардам берилерин айтып жооп кылды.

Мындан тышкары дагы бир аял баласынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп Акыйкатчыдан жардам сурады.

Анын айтымында, жарандык жолдошу баланын атасы экенин мойнуна албай жана алимент төлөөдөн баш тартып жатат.

“Ал балага көмөк бербейт жана “менин балам эмес” деп жатат. Ал эми ДНК текшертүүгө менин акчам жок”,-деп ыйлады аял.

Акыйкатчы баланын укуктарын сактоону мамлекеттик органдарга тапшырды.

Мындан тышкары Акыйкатчыга кургак учук ооруканасынын бухгалтери кайрылды. Ал соттун чечими менен келсе да, жумушка киргизбей жатышканын айтты.

“2018-жылы декретке чыккам, декреттик өргүүдөн кийин жумушума кайтып келейин дедим. Бирок директор ар кандай шылтоолорду айтып жатат. Андан кийин ал мага карата арыз жазды. Мен сот аркылуу укугумду коргодум. Бирок директор соттун чечиминда аткарбай жатат”,-деп нааразы болду аял.

Акыйкатчы жарандардын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча баардык чаралар кабыл алынаарын белгилеп өттү.

Омбудсмен институту

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх