Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Азизди омбудсмендик орунга татыктуу талапкер деп аташты

Бирок бул кызматка жалгыз гана талапкерди мактоого баары эле шашылбайт: аны адилеттүүлүккө жана өз мүмкүнчүлүгүн "жакшы пайдаланууга" чакырышты

Саясат илимдеринин доктору Канатбек Азиз акыйкатчынын кызматына татыктуу талапкер деп эсептелет. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Ата-Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын сөзү боюнча, Канатбек Азиз өзүн күчтүү жана жөндөмдүү юрист катары көрсөттү.

- биз өзүбүз жаштарга жол берели дейбиз, ал эми Канат болсо кудум ошо сөзгө ылайык, - деди эл өкүлү. - Ал активдүү жана энергиялуу адам. Эмнеге болбосун? Андан сырткары ал күчтүү юрист. Канатбек Азиз өзүн коомдук ишмер катары көрсөтүүгө жетишти. Элдер аны билишет жана талапкерлигин колдошот.  

Ошол эле убакта мурдагы акыйкатчы жана активист Турсунбек Акун өлкөнүн башкы акыйкатчылыгына талапкердин юридикалык жөндөмдүүлүгүн айта кетти.

- Канатбек Азиздин бир артыкчылыгы - ал юрист, - деп белгиледи активист Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Андан сырткары, анын өзүнүн ою бар, ошондой эле жарандардын укугун коргоо боюнча да бул өтө маанилүү нерсе.

Өз кезегинде Кубат Оторбаев Vesti.kg сайты менен маектешип жатып буларды айтты, азырынча жалгыз талапкерди баалай берүү эртелик кылат деди.

- Мен бул кызматка талапкерлердин кимдир бирөөсүнө баа берүү мен үчүн адепсиздик жана туура эмес болуп калат деп эсептейм. Бардык талапкерлер чыккыча күтө туруу керек. Анткени башка фракциялар да талапкерлерин көрсөтсө керек.

Ал ортодо, юридика илдимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев акыйкатчы болушка Канат Азизде таптакыр мүмкүнчүлүк жок деп ишенет.

- Менин оюмча, жогору жактын макулдугун алган талапкер өтөт болуш керек, - деп жоромолдойт ал. - Мен албетте канатбек Азизге тилектешмин, бирок баары бир мүмкүнчүлүктү туура баалап, реалист болуу керек. Ооба, анын башка юристтердин арасында мүмкүнчүлүгү жогору, бирок акыйкатчынын кызматы саясий укуктук системада өтө маанилүү позиция.  Анын өтө кеңири ыйгарым укугу бар. Президентке токтоосуз кабыл алынуудан баштап, түзөтүүчү мекемелерге кирүүгө чейинки укуктары бар. бирок ошону менен бирге анча деле олуттуу милдеттенмелери жок. Бул кызматка бул системаны билбеген киши деле келсе боло берет.

Ошону менен бирге Осмоналиев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча төрагасы Канат керезбеков менен Азиздин жагымсыз урушун эске салып кетти.

- Алардын урушу Канатбек Азиз юракадемиядан кеткенден кийин болгон, - деп улады Кайрат Медербекович. Мына ушул анча чоң эмес жагдайлардын топтомукырдаалга таасирин тийгизиши мүмкүн. Ооба, «Ата Мекен» парламентте белгилүү бир роль ойнойт, бирок бул фракция сан жагынан баарынан аз экендигин унутпайлы.

Эске сала кетсек, «Ата Мекен» фракциясы юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиздин талапкерлигин акыцйкатчылыкка көрсөттү. Бул маселе боюнча парламенттик жыйын сентябрдын башында болот.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх