Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев оңой-олтоң киши эмеспи?

Жээнбеков жакында өкмөт отставкага кетет имиш дегендердин оозун жапты. Эксперттер өкмөт башчы кантип президенттин ишеничине кирсе болоорун айтып беришти

2018-жылы апрелде  Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министр болуп дайындалышын, мурдагы аппарат жетекчинин бул кызматка келиши убактылуу эле, туура келчү адам табылгыча иштеп турат деген ушактар коштогон.

Азыркы өкмөт башчы 2010-жылдан 2016-жылга чейин Социалдык фондду жетектеген. Кийинки 2 жылдын ичинде биринчи вице-премьер-министрдин ордун, президенттин кеңешчиси ордун, президенттин Аппаратынын биринчи орун басарлыгын жана Аппарат башчылыктын ордун ээлеген. Бирок саясат таануучулар жана жарандардын ага болгон ишеничин ойгото алган эмес.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасы тууралуу ушак кептерге акыры жооп берди. Ал ишкер-коомчулук менен жоолугушуп жатып, отставка тууралуу ушак кептерди четке какты жана өкмөт башчы кырамы менен регламентте канча мүмкүн болсо ошончо иштешет деди.

Vesti.kg сайтына ошол иш чарага катышкан КР банктар Бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев жана камсыздануучулар бирикмесинин президенти Сабырбек Молдокулов өкмөт мыйзам боюнча иштеши керектигин, алмаша бербешин айтышты.

«Өкмөт кетпейт, иштейт. Шайлоо өз убактысында болот», - деди Жээнбеков. 

Жакында өкмөт "алмашат" деген сөздөр арык аттап, суу кечпейби? Болбосо Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин ишенимине кирип алдыбы?

Эксперт-саясат таануучу Орозбек Молдалиев ишенбесе аны премьерликке койбойт болчу дейт.

- Бизде келген эле өкмөттү күзгө чейин иштейт дей беришет, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Алысты көрө албагандар ошентип айта беришет. Сооронбай Жээнбековго стабилдүүлүк керек, деги эле баарыбыз үчүн керек. Президент коюп туруп, кайра алып салам деп дайындабаса керек.  Бирок ошону менен бирге эксперт премьердин берген убадасы аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Министрлер кабинетиндеги бюрократия жогорку деңгээлге жетип, жөндөмсүз кадрлар толуп кеткен.

- Премьер майнаптуу иштеши үчүн анын аппараты жакшы болушу керек, - дейт саясат таануучу. 

- Сапар Исаков жыргаганынан 10 кеңешчи алган эмес өзүнө. Ушул нерсе аппараттын ишин кыйындаткан. Ошол эле көйгөй азыр да бар.

Дагы бар саясат таануучу Аркадий Гладилов болсо, жакында премьер өзүнүн кызматын жыйыштырууга аргасыз болот дейт. Бирок ал буга эч таң калбайт экен.

- Бизде өкмөт башчы бир же эки жыл иштейт, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Көпкө туруштук бере албайт. Биздин өлкөдө ушактар жөндөн жөн эле жайыла бербейт, бул көбүнчө коомчулуктун оюн билүү үчүн таркатылат. Ошондуктан баарын күтүүгө болот.

Азыркы өкмөттүн ишинде өзгөчө деле учурларды байкаган жокмун дейт Гладилов. Кыскасы анын байкала турган иш жасай турган маалы келе элек.

- Бир айдан кийин асмандан алма оозубузга түшүп калбайт, баарыбыз чогулуп президент, парламент менен бирге жапатырмак иштешибиз керек, - деп белигиледи ал.

Саясат таануучу Марат Казакпаев: бул ушактарга карабай Абылгазиев баары бир калат дейт.

- Адегенде премьердин кетишине негиздер бар болчу, көптөрү ушундай ойлорун айтышкан, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бирок президент аны мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөгө чечим чыгарып койду.

Анткени менен эксперт кандай иштер Сооронбай Жээнбековду өз чечимин өзгөртүүгө негиз болоорун айта албай калды, - Казакпаевдин ою боюнча өкмөттүн азыр көрсөтө турган эч нерсеси жок.

- Майнап чыгыш керек эле, бирок кечигип жатат, - деп таң калат ал. - Экономиканын өсүшү өзүңөр билгендей жайлап калды. Кыйрап аткан деле эчтеке жок, бирок өнүгүү да жок. Бар менен жоктун ортосунда.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх