Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолунун» жаңы башкы директору Канатбек Абдыкеримов болуп калды

Министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Ногойбаевди ээлеген кызматынан бошотту

Алмазбек Ногойбаев  «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорлугунан бошотулду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү премьердин бул тууралуу тийешелүү жарлыкка кол койгондугун билдирди.

Дагы бир жарлык менен министрлер кабинетинин башчысы Канатбек Абдыкеримовду «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кылып дайындады.

Мурда Абдыкеримов өкмөттүн аппаратында иштеген, андан кийин «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын темир жол куруу жана долбоорлоо боюнча Дирекциясынын директору болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх