Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК мүчөсү: Биз Азиз Суракматовду кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыр деп мажбурлай албайбыз

Боршайкомдогулар Бишкек мэринин сунушка макул болбогону мыйзамга туура келет дешти

Бишкек мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшыруудан баш тартууга толук укуктуу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШК мүчөсү Назарали Арипов билдирди.

- Мыйзамдуулук жагынан бул кыргыз тили боюнча экзамен бекитилген эмес, мэр баш тартуугу укуктуу. Биз аны мажбурлай албайбыз, - деп түшүндүрдү Назарали Турдалиевич.

Эске салсак, кечээ мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Vesti.kg сайтына шаар башчынын кыргыз тилинен кайра экзамен тапшыруудан баш тарткандыгын билдирди.

Суракматовго кайрадан экзамен тапшырууну БШК жамааты сунуштаган, анткени мурда жарандык активистка Канышай Мамыркулова арыз менен кайрылган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх