Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар» долбооруна мандикер жалдоодо «БИСтин» жеңишин ким камсыз кылат?

Мындай колдоочулардын саны көбөйүп баратат...

«Коопсуз шаар» дагы бир жолу жаңжалдын чордонунда калды. Жеңүүчүгө алдын ала жардам беришип долбоорду ишке ашырууга шарт түзүштү. Чамасы бул долбоордун ишке ашышын каалабагандар да бар өңдөнөт, буга ар кандай себептер бар.

ИИМге кат

Vesti.kg МА КР ИИМ кызматкерлеринин арасында шектүүлөрү бар экендигин билдирген. Эске салсак, КР ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү камсыздоо Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркуловдун орусиялык кесиптеши РФ Ульяновск облустук жол кыймылын көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын начальнигине «Вега» Концерн комплексине байланыштуу суроо жөнөткөн.

Баарынан да төмөндөгү кырдаал кооптондурат: суроо 5-сентябрда жөнөтүлгөн, ал эми жооп 6-сентябрда өтө ыкчам өңүттө келди. Орусиялык кесиптештеринин жообу алтургай катталуу номуру жок, чыгаша номуру көрсөтүлгөн да эмес. Анткени Орусияда кыргыз тараптын суроосуна жооп берүүгө аябай ашыгышкан. Бирок, биздин түшүнүгүбүздө өндүрүштүн талабын эч ким жокко чыгарган жок. Эмне үчүн Саркулов конкурстук комиссиянын мүчөсү болуп туруп, тендердик комиссиянын атынан эмес, жеке өз атынан суроо жөнөткөн?

Андан сырткары Ыманалы Саркулов «Вега» Концернин баарынан мурда аракет кылып изилдей баштады. Биринчи жолу ал 5-августта суроо жөнөткөн, ал жолу РФ ИИМ Тверь областына багытталган болчу. Анда жооп 7-сентябрга келген. Белгилей кетүүчү нерсе биринчи конкурс Мамком байланышта  20-июлда болотдеп жарыялашкан. Анткени менен конкурска арыз берүүнүн мөөнөтү 23-августка чейин деп көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик сатып алуу системасынын принцибине ылайык бардык конкурска катышуучулардын арыздары конкурстук арыздарды ачкан күнү белгилүү болот.  Мындай болгондо конкурска катышкандардын аттары 23-авгутта гана белгилүү болмок. Ушундан улам суроо туулат, ЖКККМБ башчысы Саркулов кайдан жүрүп «Коопсуз шаар» долбоорунун конкурсуна «Вега» Концерни катышаарын билип калат?

Vesti.kg МА ушул суроо менен «Вега» Концернинин башкы директору Сергей Калмыковго кайрылды.

«Бир нерсе деш кыйын, биздин да башыбызды ушул суроо оорутуп жатат, - дейт ал. - Конкурс жарыялангандан бери «Вега»  биздин өнөктөштөр менен ачык эле бул долбоорду ишке ашырууга бирге баралы деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Эч кандай деле олуттуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Орусиянын рыногунда бул ачык талкуу белгилүү болгон деп ишенем. Мындай күдүк ойлорду жок кылуу үчүн жол эрежесин каттоо боюнча жасалган ишти дарыя кылуу керек. Ошондо бул иштелип чыгып жаткан комплекстин майнаптуулугуна болгон шектенүү жоголот».

Депутаттар эмнеге күйүп жатышат...

K-news маалыматына караганда, Жогорку Кеңеште депутат Азамат арабаев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча конкурсту көчөдөгү эле бирөөлөр утуп алды деп билдирген. Арабаевдин кайсы документтердин негизинде мындай билдирүү жасагандыгын айтпай эле коёлу.

Бирок, төмөнкү нерсеге көңүл буруп коюу зарыл.

Конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарган көз карандысыг комиссиянын төрагасы Мзарбек Жолошев улуттук шоколад өндүрүшү менен алектенген компаниянын башчысы. Ал фесбуктагы өз баракчасында Азамат арабаевдин билдирүүсүн көп жолу бөлүшкөн.

Бирок кийинчерээк бардык сүрөт жана постторду шашылыш өчүрүп салган. 

K-news билдиргенине караганда, ошол эле күнү депутат Аида Исмаилова мамлекеттик сатып алуунун мыйзамсыздыгы тууралуу айтып чыкты. Анткени бул өткөрүлгөн конкурска бюджеттен акча каралган эмес. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, конкурстан уткан компания толугу менен бул долбоорго акчасын салат.

Белгилей кетели, конкурстук комиссиянын ичинде «Вега» Концернди жеңүүчү деп тааныган мүчөлөрү да бар, алар жогоруда айтылган депутаттар. 

Эске салсак, «Коопсуз шаардын» 2012-жылы да жолу болгон эмес. Ал убакта мамлекеттик сатып алуу болгон, бирок ИИМ менен кытайлык компаниянын ортосундагы келишим жокко чыгарылып калган.

2015-жылы жарыя болгон тендердин жеңүүчүсү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду ишке киргизе албай калышкан, анткени ИИМ башчысы Мелис Турганбаев бул келишимге кол коюудан баш тарткан. «Хуавей» кытай компаниясынын инвестициялык келишими Сапар Исаковдун өкмөтү менен ымала түзө албай жокко чыгарылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх