Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт Министрлиги айдоочулардан жолду кардан тазалоого акча топтойт деген маалыматты четке кагат

Депутат «Өтмөк» ашуусунда жүк ташуучулар жолду кардан тазалоо үчүн 200 доллардан топтоп жаткандыктарын айтып берди. Вице-премьер да бул тууралуу уккан

«Өтмөк» ашуусундагы жолдун карын мамлекет өзү тазалайт, айдоочулардан эч нерсе төлөнбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына транспорт Министрлигинин алдындагы №36 Жол башкармалыгынын начальниги Каныбек Кубанычбеков билдирди.

- Кыш мезгилинде жолду тазалап, сепкенге бюжеттен акча бөлүнөт, - деди ал. - Айдоочулар эч кандай нерсеге акча төлөшпөйт. Биздин кызматкерлер атайын теникалар менен кезектешип 15 күндөн иштешет. Кээде машиналар бузулуп калган учурлар болот албетте. Андай учурда карды жолдон бчетке гана түртүп коюп кийинчерээк алышат. Бирок, автомобилдердин өтүп кетүүсү үчүн акча топтогондугу жалган.

Кубанычбек жакында эле кар көчкүдөн кийин ушул аймактын ыйгарым укуктуу өкүлү жумушту теске тургандыгын кошумчалады.
- Алтургай пресса өттү. Баары көрүштү биздин иштеп жатканыбызды, - деп сзүн аяктады ал.

Түшүндүрө кетели, депутат Автандил Кулбараков парламенттик комитеттин жыйынында «Өтмөк» ашуусунда ДЭУнун кызматкерлери жолго бирдеме эптеп себелемиш болуп жүрүшөт, айдоочулар акча берген соң гана карды тазалашат деп билдирди.

«Мен фуралардын айдоочуларынан уктум. Чет элдик машиналардан 200 доллардан алат экен, ал эми өзүбүздүкүнөн 100 доллар. Бирок аларга деп бюджеттен акча бөлүнүп жатпайбы», - деген депутаттын сөзүн ММКда келтиришти.  

Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да бул тууралуу уккандыгын айтты.
«Далилдөө кыйын болот, бирок биз аракет кылабыз», - деди ал.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх