Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КТРК башчысы Түлеевдин Атамбаев менен түшкөн сүрөтү үчүн сындады

Илим Карыпбеков жаман көргөн адамы менен эмнеге сүрөткө түшкөнүнө түшүнгөн жок

УТРК Башкы директору Илим Карыпбеков Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге түшкөн сүрөтүн сынга алды.

«Оозуңду жалжайтып тармактын баарына бул сүрөттү эмнеге жаясың, эгерде бул адамды жаман көрсөң? Болбосо азыр ушундай болуп калганбы жаныңдагы адам кандай болсо да жалжая күлүп сүрөткө түшө бермей?», , - деп жазат Илим Карыпбеков өзүнүн аккаунтунда.
(орфография жана пунктуация сакталды)

Түшүндүрө кетели, мурда Нариман Түлеев тармакта Атамбаевдин учакта кетип жаткан сүрөтүн жарыялаган.

«Шоопуру камалгандан кийин качып кетейин деген го. Укпамыш болот. Бирок учактагылар аны артынан каргап шилеп эле жатышат. Мен да ага өлкөнү эмне акыбалга алып келгендигин айтайын дедим эле, бирок ал кере, сокур алды», - деп жазган адегенде мурунку шаар башчы.  
 (орфография жана пунктуация сакталды)



Бирок аз өтпөй эле Түлеевдин баракчасынан экс-президент менен жанашып күлүмсүрөгөн сүрөтү чыгып калды.



Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапар алгандыгы тууралуу жазган болчу. КСДПнын катчылыгы экс-президент жеңесине батага кетип жататдеп билдирди.
Андан сырткары, 24-27 октябрга чейин Москвада боло турган азиаттардын саясий партияларынын жыйынынын Эл аралык  Х Башкы Ассамблеясына катышам деген ниети бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх