Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман Түлеев - Илим Карыпбековго: Оозуңду жап, сен кимсиң мен тууралуу жазгыдай?

Бишкектин мурунку мэри менен УТРКнын башчысынын ортосунда социалдык тармакта айтышуу болуп кетти

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев УТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун сынына жооп кылды. Социалдык тармакта экөө урушту.

«Башкасы айтса да, сен үндөбөй эле койбойсуңбу… Мен аны менен иштеген эмесмин, анын астында бийлеген эмесмин, анын буйругун аткарган эмесмин, саткан эмесмин.... ошондуктан унчукпай кудайга шүгүр деп отур», - деп жазат Түлеев Карыпбековго.  

УТРКнын башчысы андан кем калган жок: «Албетте үндөбөйм байке. Татыктуулар, чынчылдар сатпагандар жана байлар сүрөткө түшө беришсин. Мага кайдан сиерге жетиш байке».

Өз кезегинде мурунку шаар башчы бул сөзгө өтө теригип мына муну жазат: «Оозуңду жаап отур, сен кимсиң мен тууралуу жазгыдай?», - деп сурайт ал маектешинен.

Карыпбеков болсо: «Мен сизге жазып атам таза, принципиалдуу, сатпаган, эч кимдин алдында  бийлебеген урматтууу Нариман таполотович! Твиттерге жана өз баракчама жазып жатам. Эгер мени көргүңүз келбесе, бирөө жарымдан сураңыз элдержи кантип блоктогонду. ошоентсеңиз жашооңуз тынчыраак болот».

(орфография жана пунктуация бардык реплика сакталды.)

Акырында Нариман Түлеев УТРКнын башчысына кийинчерээк өзүнүн ким экендигин түшүндүрүүнү убада кылды, азыр бош эместигин айтты.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Бишкектин мурдагы мэри социалдык тармакта учактын ичинда Алмазбек Атамбаев менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыя кылгандыгын жазган эле. УТРКнын башчсы Илим Карыпбеков мурунку шаар башчыны ойлонбой иш кылгандыгы үчүн сындады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх