Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мамлекет капкачан эле банктардын уставдык капиталын көбөйтүшү керек болчу»

Эксперт банкка салым салгандарга кепилдикти депутат Азамат Арабаевдин демилгеси көбүрөөк берет деп ишенет

Мамлекет банктардын уставдык капиталын көбөйтүшү керек болчу - бул аны кардарлар үчүн ишеничтүү кылмак. Мындай оюн Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов бөлүштү.

90-жылдары Кыргызстанда биринчи жолу банк тууралуу мыйзамдар чыкты, мамлекет каржы уюмдарына минималдуу талаптарды койгон, - деп түшүндүрдү ал. - Бул нерсе аталган тармактын өнүгүшүнө алып келди. Ошол убакта банктар жандан кийинки козу карындай жайнап кеткен. Алардын баары эле туруктуу иштеп кала алган жок, жыйынтыгында салым салган кардарлар күйүп калган. Азыркы учурда биздин өлкөнүн ИДПсы аз да болсо өсүп жатат, ошондуктан уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу сөз кылганга болот. Анткени кардарлардын форс-мажордук кырдаалда акчаларын карып алуу үмүтү пайда болот. Ар бир банк кардарлардын алдында өз милдеттерин аткарышы үчүн жетишээрлик активи болушу керек.  

Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жыйынында депутат Азамат Арабаев банктардын уставдук капиталын көбөйтүүнү сунуш кылды.

«Биз банктардын уставдык капиталынын ченеми тууралуу мыйзам кабыл алганда доллардын курсу 50 сом болчу. Ошол убакта уставдык капитал 12 миллион доллар болот дегенбиз. бирок бүгүн доллар 70 сомго жетип калды. Ошондо биздин уставдык капиталыбыз 10 миллионго да жетпей калып жатат. Бул биздин экономикабызда  жана банктардын мүмкүнчүлүктөрүндө көрүнүп жатат», - деп айтат эл өкүлү.  

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сунушуна жооп берди. Учурда эки гана банк нормадан төмөнкү уставдык капиталды түзөт.

«Евразиялык сактык банкы убактылуу администрациянын режиминде турат, ал жерде сот болуп жатат. Бүтөөрү менен банкты капиталдаштыруу башталат. Экинчи банк каржылык өнүгүүсүн көрсөттү. Ал өз капиталына болгон талапты аткарды, бир жылдын ичинде уставдык капитал боюнча талапты аткарат. Кийинки жылдын 1-июлуна чейин банктардын бардыгы коюлган талаптарды аткаргандыгы же аткарбагандыгы белгилүү болот. Ошондон кийин гана бул демилгени талкуулоого болот», - деп аяктады ал.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх