Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана ЖЕЭК отурумуна катышат
Жыйын Москва шаарында өтөт
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-25-майында Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Фото www
Окшош макалалар
- Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди
- Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди
- Кыргызстан менен Россия өз ара соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү ниетинде
- Владимир Путин Садыр Жапаровду «Ардак» ордени менен сыйлады
- Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди