Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөгул Беков: Кыргызстанда айыл чарбадагы приоритеттүү багыттарда өзгөртүү керек

Мурдагы министр суу чарбачылыгына аз көңүл бөлүнүп жатканына кошулат

Кыргызстанда Айыл чарба министрлигинин ишиндеги приоритеттүү багыттарды иретке келтирүү керек. Мындай оюн Vesti.kg сайтына мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.
- Азык-түлүк коопсуздугубуз суу ресустарына таянарына карабастан биздин өлкөдөгү суу чарбачылыгында реалдуу көйгөйлөр бар, - деди ал. Мен бул тармакка жакшы көңүл бөлүнүшү керек деген депутатка кошулам. Бирок, менин оюмча Айыл чарба, суу чурбачылыгы жана өнөр-жай министрлигин түзүү керек.

Торогул Ниязович азыркы күндө Айыл чарба министрлиги тамак-аш-өнөр жайы үчүн гана жооп берерин, бирок айыл чарбасына тери иштетүү, пахтачылык, жибекчилик, ошондой эле башка тармактар дагы кирерин белгиледи.
- Бул тармактын бардыгына эч ким көзөмөл кылбайт. - Дагы бир маанилүү жагдай. Айыл чарба министрлигин суу чарбачылыгы боюнча адис жетектеши керек же жок дегенде мындай адис министрдин биринчи орун басары болуш керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg депутат Зиядин Жамалдинов Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштаганын жазып чыккан.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх