Японияда белгисиз шар табылды
Шар табылган жердеги жолдор жабылып, аймактагы кыймыл көзөмөлгө алынды
Япониянын Намамацу шаарындагы Цубои аймагында эртең менен диаметри 1,5 метрге жеткен шар табылды. Божомолдор боюнча, шар металлдан жасалган. Бул тууралуу РИА Новости Daiichi TV телеканалына шилтеме кылып жазды.
Полицияга жергиликтүү тургун телефон чалып табылга тууралуу маалымат берген.
Шар табылган жердеги жолдор жабылып, аймактагы кыймыл көзөмөлгө алынды.
Белгисиз объект адистер тарабынан текшерилип жатат. Шардын сүрөтү Япониянын коргонуу күчтөрүнүн эксперттерине жөнөтүлгөн.
Япониянын жээкти күзөтүүчү кызматынын Омаэдзаки бөлүмү металлдан жасалган шар эмне экени азырынча аныктала электигин РИА Новостиге билдирген.
Белгилей кетсек, бул биринчи белгисиз объект эмес. Жакында эле америкалык истребителдер Аляска, Канада жана Гурон көлүнүн үстүнөн учкан үч белгисиз бутаны жок кылышкан. Түндүк америкалык абадан коргонуу (NORAD) командачылыгынын башчысы Глен ван Херк 10-12-февраль күндөрү атып түшүрүлгөн анча чоң эмес, жайыраак жүргөн объектилер ылдамдыгы, көлөмү боюнча Жер планетасынан тыш чыгарылган деген пикирди жокко чыгарбай турганын айткан. Ал ошондой эле соңку тыянакты чалгындоо кызматы чыгарышы керектигин кошумчалаган.
Кытайдын Россия менен чектешкен Хэйлунцзян провинциясындагы Цицикара шаарынын жашоочулары асманда белгисиз шарлар учуп жүргөнүн соцтармактарга жазышууда.
фото www
Окшош макалалар
- Бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби
- Үч адамдын өлүмүнө шектелип камалган жаран УКМКнын мурдагы кызматкериби?
- Нарын облусуна кар көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- Милиция кызматкерлери Ак үйдүн алдында аялдардын укуктарын колдоого чыккан митингчилердин плакаттарын айрып салышты (видео)
- Cокулук районунда улан менен кыздын бакка асылган денелери табылды