Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эң көп окулгандар

Сиздин автомобилиңиздин ээсин кайдан издөө керек?

Мамкаттоодо машинанын убактылуу жана мыйзамдуу ээлери бири бирин таба турган электрондук аянтча түзүштү

Эгерде сиз качандыр бир убакта машинеңизди ишеним кат менен саткан болсоңуз, ал эми «Коопсуз шаардын» ишке кириши менен сизге «бакыт каты» келе баштаса, сиз ал эреже бузууга катыштыгыңыз жоктугун далилдөө үчүн сотко кайрылышыңыз керек.
Vesti.kg сайтына бул тууралуу айтып беришти.

Бирок сиз машинени кайра катташыңыз керек болсо, машинаболсо көп жыл мурда сатылып, ал тууралуу маалыматтан он жылдан бери кабарыңыз жок болсо.

«Он жыл мурун «Коопсуз шаар» эч кимдин түшүнө да кирген эмес», - деп ой бөлүшөт ушундай бир көйгөйгө туш болгон киши Vesti.kg сайтына. - Ал убакта таптакыр эле кайра каттачу эмес. Эгерде кимде саткандыгың өзүңө керек болсо, анда кандай болот? Кантип издөө керек? Көчөдөн издөө керекпи?

Мамлекеттик каттоо кызматында Vesti.kg сайтына «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргызстандыктарга бул жаатта жардам берүүнүн ыкмасын иштеп чыгарып жатышат. Эми автомобилдин ээсин МКК электрондук порталынан табууга болот.

Мекеменин маалымат кызматы Кыргызстандагы ишеним каттын мөөнөтү 3 жылдан ашык эмес экендигин түшүндүрүштү, он жылдан анын мөөнөтү өтүп кетет. Бирок электрондук аянтчанын жардамы менен бири бирин табууга болот жана зарыл болгон формалдуулуктарды бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.

- Биринчиден, техпаспортто машина ээсинин дареги жазылган, эгерде ал даректе жашабай калган болсо, порталга кайрылуу керек, деп Vesti.kg сайтына түшүндүрдү МКК алдындагы айдоочулук курамды жана тарнспорт каражаттарын каттоого алуу Департаментинин башкы адиси Үсөйн Касымалиев..

Касымалиевдин сөзү боюнча, portal.srs.kg сайтынын «Транспорт» бөлүмүндө «Ээсин издөө» деген кызмат бар. Эгерде машиненин ээси өз маалыматтарын даректик базага киргизген болсо табуу оңой.

- Азыр 2 миңден ашуун адам ал жерде өзү тууралуу маалымат калтырган, - деп белгиледи департаменттин директору. Эгерде жок болсо өзүңүз толтуруңуз. Менимче, машинанын ээси да сизди издеп жүрсө керек.
Эгерде машинанын ээси өлкөдөн чыгып кеткен болсо, анда машинанын же өзүңүздүн катталган жериңиздеги сотко кайрылуу керек.

- Ал жерге сиз машинанын докуметтерин жана кошуналарыңыздын күбөсү керек, машина чыны менен сиздики экендигин аныктоочу тактама керек, - деп түшүндүрдү Касымалиев. - Милиция аркылуу чындап эле өлкөдөн чыгып кеткендигин текшеришет. Ошондон кийин гана сот машинанын ээси деген укукту сизге өткөрүп берет.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты транспортту саткандан кийин кайра катталбагандыгы үчүн ага келчу айыптардан кутулчу жол бир гана сот экендигин жаган эле.

- Ээси доо арыз жазып, соттун чечиминин көчүрмөсү менен КР ИИМ ЖКККМБ издөө бөлүмүнө келүү керек, - деп айтышты Vesti.kg сайтына КР ИИМ ЖКККМБ маалымат кызматындагылар.

- Биз ошондон кийин гана машинени таап, ай ып аянтчасына койдурабыз. Айып пулду төлөсө гана кайра беребиз.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ушул бөлүмдөгү макалалар: « Редакция менен байланышуу
Ой-пикир кошуңуз


Наверх