Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эң көп окулгандар

Женевадагы сүйлөшүүлөр боюнча Кумтөрдүн адвокаты: Биз ал жерге ак желек менен барган эмеспиз

Дмитрий Долматов сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат толугу менен жашыруун экенин айтты

Кумтөр Голд Компанинин юридикалык кеңешчиси Дмитрий Долматов Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарды.

Ошол эле учурда ал сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтын өзү жарыяланууга жатпасын белгиледи.

- Сүйлөшүүлөр боюнча бардык маалыматтар толугу менен жашыруун, - деп баса белгиледи Долматов. - Мындай чечим тараптардын биринин кызыкчылыгына каршы маалыматты колдонууга жол бербөө максатында кабыл алынды. Бирок мен так айта алам, Кыргызстандан барган делегация биздин өлкөнүн кызыкчылыгында гана иш алып барды. Биз ал жерге ак желектер менен барган эмеспиз. Бизде так позиция бар.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин делегациянын курамына эмне үчүн киргизилгенин сураганда, адвокат топтун курамын президент Садыр Жапаров аныктады деп жооп берди.

- Мен делегациянын курамына 5 адвокат киргенин кошумчалагым келет, - деп белгиледи ал. - Алардын үчөө эл аралык соттордо жана арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт, бизден эки адвокат - мен жана Аяз Баятов.

Долматов ошондой эле сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн экенин, бирок так датасы айтыла электигин кошумчалады.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх