Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты

Аталган факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди

Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматын өтөп жаткан бир жоокерди экинчиси кокусунан атып алып көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык куралды этиятсыздык менен колдонуунун кесепетинен болгон.

«Нөөмөт учурунда 26 жаштагы аскер кызматкери З.Ж. кокусунан АК-74 автоматынан ок чыгарып алып, 21 жаштагы У.Б. аттуу жоокердин мойнуна тийген. Медициналык жардам көрсөтүп, өз убагында облустук бириккен ооруканасына алып барып өмүрүн сактап калууга жасалган бардык чараларга карабай аскер каза болуп калды», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү чыгып кетишкен.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх