Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү

Бишкекте коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчылары жана жетекчилиги Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү.

Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү.

Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх