Борбор калаада жүздөн ашык батир менчиктештирилет
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлайт
Борбор калаада 100дөн ашык батир менчиктештирилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев муниципалдык турак жайларды менчиктештирүүгө туш болгон шаардыктар менен жолугушту. Орунтаев документтерди даярдоо процесси тууралуу жеринде тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күндө менчиктештирүүгө жарандардан 150гө жакын арыз бар, алар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү маселелерин кароо боюнча комиссиясынын отурумунда каралды.
Белгилей кетсек, бул 25-30 жылдан ашык мунципалдык батирлерде жашаган шаардыктардын категориясы. Алардын менчиктештирүү маселелери көп жылдар бою чечилбей келген. Учурда батирлерди менчиктештирүү боюнча биринчи чечимдер кабыл алынганы маалыматта айтылат.
Фото www
Окшош макалалар
- Борбор калаада видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда
- Күчтүү дене жана күчтүү рух. Бишкекте бокс боюнча мастер-класс өттү
- Камчыбек Ташиев «Кулунду» заставасынын чек арачыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды
- Борбор калаада троллейбустардын техникалык абалы текшерилди
- Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды