Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдарды терс таасир этүүчү маалыматтардан коргоо

 Акыйкатчы мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети 29-майда балдар алып жаткан маалыматка байланыштуу мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Жамиля Исаева белгилегендей, балдарга тыюу салынган маалыматтык продуктту билим берүү уюмдарынан, балдардын медициналык жайларынан, санаторияларындан, дене-тарбия спорттук уюмдарынан, эс алуу жайларынан жана ден соолукту чыңдоо борборлорунан 200 метр аз аралыкта жайылтууга жол берилбейт.

Ошондой эле Кылмыш-жаза Кодексине балдардын ден соолугуна жана физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтарды тараткандар үчүн айып пул төлөөнү караган өзгөртүүлөр сунушталууда.

Зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле, уят сөздөрдү колдонуу, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки тартуу көрүнүштөрүн камтыган маалыматтар жеке жак тарабынан таратылса анда 2000 сом өлчөмүндө айып салынат, юридикалык жакка 10 000 сомдон. Жалпыга маалымдоо каражаттарында же социалдык тармактарда терс таасир эткен маалыматтар болсо авторго 25 миң сом айып пул салуу сунушталууда.

Исаева ошондой эле мыйзам долбоору боюнча "Адилет" укуктук клиникасынан сунуштар түшкөнүн, бирок алар четке кагылганын билдирди.

Ошол эле учурда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту долбоорду толук колдой турганын билдирди.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх