Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Джамиля Джаманбаева: Бишкекте эркек киши жарандык никеде жашаган аялын үтүк менен күйгүзүп кыйнаган

Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял арыз менен кайрылган

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын 1985-жылы туулган Э. У. аттуу жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылган аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял арыз менен кайрылган.

2023-жылы 14-сентябрда аны жарандык күйөөсү катуу сабагандан кийин билектерин ысык үтүк менен басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаган.

Аялдын айтымында, мунун баары анын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурган кезде, алардын батиринде болгон.

Аял зордукчунун колунан араң кутулуп ич кийими менен, жылаңайлак көчөгө качып чыккан.

Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган.

Коңшулары аны жумушка жеткиришип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн.

Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган.

Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын жарандык күйөөсүн 15-сентябрда кармашкан. 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркекти 1-тергөө абагына эки айга камоо тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алган.

Бирок аялдын жарандык күйөөсүнүн жактоочусу соттун чечимин жогору турган инстанцияга даттанган. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карайт.

Жабырлануучу сот анын жарандык жолдошун эркиндикке кое берет жана ал кайрадан ага кордук көрсөтөт деп коркуп жатат.

“Мен мурда өлүмдөн коркчу эмесмин, ал тургай бул тууралуу ойлочу да эмесмин. Мен азыр абдан коркуп калдым, кичине эле добуш болсо калтырап кетем. Башымдан өткөргөн азап-тозок кайра башталабы деп чочулайм. Күйөөм мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок мен кимдир-бирөөгө айткандан кооптончумун, анткени ал “кызымды алып кетем, сен аны эч качан көрбөйсүң” деп коркутчу. Анан калса ал мен укук коргоо органдарына кайрылсам, баары бир жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү. Азыр дагы ошентип кооптонуп жатам. Мен өзүмдүн кызым үчүн корком”,-деп ыйлады аргасы кеткен аял.

Жактоочунун айтымында, ал ишин жактап жаткан аял көп жылдар бою жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылып келген, бирок бул тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына айткандан корккон, себеби жолдошу жакшы тааныштары аркылуу жазаланбай калат деп ойлогон.

Материалга таянсак, аялдын жарандык жолдошу - American school жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп саналат.

Акыйкатчы тиешелүү органдарды жабырлануучунун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана аял кайрадан зомбулукка кабылуусуна жол бербөөгө чакырат.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин, ошондой эле калаанын прокурорун аталган ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырат.

Акыйкатчы институту ошондой эле жабырлануучунун психологиялык көмөк алуусуна колдоо көрсөттү.

Акыйкатчы институту

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх