Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жаңы унаа кыймылын киргизүүнү сунуштоодо

Вице-мэрдин айтымында, бул жол тыгындарын жоюуга жардам берет

Бишкекте тыгындар менен күрөшүү үчүн жол кыймылынын жаңы үлгүсүн киргизүүнү сунушташууда.

Борбор калаанын вице-мэр милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкуловдун айтымында так номери бар унаалар так күндөрү, ал эми жуп номерлүү унаалар жуп күндөрү жүрүүсү сунушталууда. Бул тууралуу ал бир күн мурун Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, кечээ Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында борбордо унаа тыгыны болгон эмес.

«Кадимки күндөрдө ушундай болушун каалайт элем, балким, кээ бир күндөрү (жумасына эки-үч жолу) «жуп-так» системасын киргизсек болобу? — деди Сазыкулов.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх