Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Бекзат Алмаз уулу жарым финалга чыкты

Ал чейрек финалда Казакстандык балбанды да 10:0 эсеби менен утуп алды

Бүгүн, 6-октябрь Азия оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер башталды. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмак даражасында жарым финалга өттү.

Спортчу 1/8 финалда Таиланддык балбанды 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Ал эми чейрек финалда Казакстандык балбанды да 10:0 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх